Комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тиркемеде орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүү шарты каралганын билдирди. Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү.
2023-жылы 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Кыргызстанда тил маселеси боюнча талкуулар токтобой келет. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 11-апрелдеги жыйынында интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салууну, балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган.
Президент Садыр Жапаров буга коментарий берип, “Орус, англис тили боюнча Нурлан Шакиевдин пикири - анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери - дүйнөлүк тилдер”, - деген болчу.