Ссылки доступа

Актау шаарында мурдагы мушкердин сөөгү табылды


Актау шаарында аралаш мушташ боюнча мурдагы мушкер Вусал Жафаровдун сөөгү табылды. Полиция сөөгү 20-сентябрда табылганын тастыктап, сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал киши катуу сабалган. Анын зомбулук көргөн денесинин сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап, анын сөөгү сыртта бир нече күн жатып калганы айтылууда.

Вусал Жафаров 1994-жылдын 10-январында туулган жана жергиликтүү ММА уюмдарына мүчө болуп, төрт беттеш өткөргөн. Тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн чоо-жайы ачыкталбайт.

XS
SM
MD
LG