15-19-сентябрь аралыгында 12 окуучу ичеги оорусунун курч белгилери менен инфекциялык ооруканага жаткырылган.
Учурда балдардын абалы туруктуу, алардын жетөө үй шартында дарылануу үчүн чыгарылган. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери анализ үчүн суунун жана тамак-аштын үлгүлөрүн алышкан.
Прокуратура жана жергиликтүү билим берүү органдары окуянын себептерин аныктоо жана ушул сыяктуу окуялардын кайталанбашы үчүн кырдаалды иликтөөгө киришти. Бардык аракеттер шаар бийлигинин көзөмөлүндө экени кабарланды.