Учурда алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат. Иштин чоо-жайы айтыла элек.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы окуу жылынын башында билим берүү кызматкерлери менен жолугушууда билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө тынчсыздануусун билдирип, «Мугалимдердин макамы жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдоону тапшырган. Ал мугалимдерди сыйлоонун маанилүүлүгүн, алардын коомдогу абалын көтөрүү зарылдыгын белгилеген.