23-сентябрда компания кызматкери, механик Нурдаулет Нурмаханов Акбакай кенинде жер астындагы жумуш учурунда каза болгонун тастыктады.
«Алтыналмас АК» маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөрүн жана бардык төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарарын билдирди. Кырсык болгон жерде тоо тектеринин жылып кетишинен жана географиялык шарттардын оордугунан иш алып баруу кыйын болгону белгиленди.
Окуядан кийин жумушчу топ түзүлгөн. Окуянын чоо-жайын жана себептерин атайын комиссия аныктайт.
Компания Казакстандын тогуз кенинде, анын ичинде Жамбыл облусунда алтын рудасын казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Акбакай кени 1968-жылы ачылган жана Моюнкум айылынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.