Маектин толук вериясы шейшемби күнү эртең менен обого чыгат.
Кечээ телекоманиянын эфиринде жарыяланган маектин үзүндүсүндө Зеленский АКШнын президенти Жо Байденге сунуштай турган жеңиш планы – Украинаны чыңдоо зарылдыгын камтый турганын айтты.
“Ошондуктан биз досторубуздан, өңөктөштөрүбүздөн бизди бекемдөөнү суранабыз. Бул өтө маанилүү. "Менимче, биз тынчтыкка көпчүлүк ойлогондон да жакын калдык", - деп баса белгиледи Владимир Зеленский.
Зеленский Украина күчтүү позицияда гана Путинди дипломатия аркылуу тынчтыкка түртө алат деп эсептейт. Путин Украинанын Курск облусундагы жортуулунан “үрөйү учканын”, анткени орустар өз өлкөсүн коргоого жөндөмсүз экенин көрсөтүп жатканынын айтты Зеленский.
Шаршембиде Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөйт. Анын G7 өлкөлөрүнүн, ошондой эле Глобалдык түштүк деп аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.