Алардын 45,6%ы Кытайдан, 39,2%ы Өзбекстандан, калганы – Түркмөнстандан, Монголиядан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген. 2024-жылдын 1-сентябрына карата мигранттардын 58,2% эмгекке жарамдуу курактагылар, 32,4% жашы жете элек өспүрүмдөр, 9,4% пенсионерлер.
Кандаштар жумушчу күчү жетишсиз аймактарга: Акмола, Абай, Костанай, Павлодар жана Чыгыш жана Түндүк Казакстан облустарына көчүрүлгөн. 2024-жылга квота 3033 адамды түзөт, анын 2127си 1-сентябрга карата көчүрүлгөн.
2023-жылдан тарта Казакстанда элчиликтер аркылуу кандаш статусун алуу үчүн пилоттук “бир терезе” долбоору ишке киргизилген. Бул механизм өлкөгө баруу, ишке орношуу жана турак жай менен камсыздоо маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Учурда этникалык казактардан 17 158 арыз түшкөн.
Расмий маалыматтар боюнча, жалпысынан 1991-жылдан бери республикага бир миллион 140,7 миң этникалык казак кайтып келген.