Мурда объект жеке менчик болгон, бирок "Агроинвестбанктын" карызынан улам мамлекетке өткөн.
Бийиктиги 43 метр, узундугу 100 метрден ашкан чайкана 35 миллион сомониге (3 миллион доллардан ашык) бааланган. Аукцион 29-сентябрда өтөт.
Чайкана 2015-жылы Гиссардын 3000 жылдык мааракесине карата ачылып, үч айдан кийин жабылган. “Озоди” радиосунун кабарлашынча, имараттын чатырынан суу агып, оңдоого муктаж болуп калган.