Ссылки доступа

Алматы соту президенттик резиденцияга кол салуу иши боюнча доо арыздарды кароодо


Алматыда сот 2022-жылдын январь окуясында акимчиликке жана президенттик резиденцияга кол салуу боюнча айыпталган 11 кишинин арызын карап жатат. Июнь айында сот аларды бир жыл тогуз айдан төрт жылга чейин кескен.

Прокурор жазаны 10-12 жылга чейин көбөйтүүнү талап кылууда.

25-сентябрдагы отурумда прокурор биринчи инстанциядагы соттун чечимине макул эместигин билдирип, өкүмдү жокко чыгарууну талап кылды. Айыпталуучулар жана алардын жактоочулары жазаны жеңилдетип, абак жазасын шарттуу жаза менен алмаштырууну суранышууда.

Соттук отурум онлайн режимде өтүп жатат, бирок айыпталуучулар аны оффлайн режиминде өткөрүүнү суранышкан. Кийинки жыйын 9-октябрга белгиленди.

2022-жылдын январында Казакстанда газдын кымбатташына байланыштуу башталган нааразылык акциялары баш аламандыкка айланган. Расмий маалыматтарда 238 адам өлгөнү айтылса, укук коргоочулар курмандык саны мындан да көп деп эсептешет. Кандуу окуялардан кийин өрттөлгөн президенттик резиденция түрттүрүлүп, акимчиликти калыбына келтирүүгө 17 миллиард теңге сарпталган.

XS
SM
MD
LG