24-сентябрда укук коргоочу Жаслан Айтмаганбетов Жогорку Сот окуучу кыздарды жактап чыкканын билдирген.
Бирок сот жоолук салынуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе талкууланбай, окуучунун сабактан четтетилиши гана мыйзамсыз деп табылганын түшүндүрдү.
Сот мектеп формасы боюнча талаптарды Билим берүү министрлиги белгилөөгө укуктуу экенин баса белгиледи. Маселе Батыш Казакстан облусунда окуучуну жоолугунан улам мектепке киргизбей койгондо чыккан. Мындай көрүнүштөр өлкөнүн башка аймактарында да болгон.
2016-жылы мектептерде диний кийим кийүүгө тыюу салынгандан кийин мусулман үй-бүлөлөрүнүн көптөгөн кыздары сабактардан четтетилген. Бул маселе боюнча ата-энелер менен мектептердин ортосундагы чыр-чатактар уланууда. Ата-энелер жоолук окууга тоскоол эмес экенин айтып, бийлик бирдиктүү мектеп формасын сактоону талап кылууда.