Бул чечим Өзбекстандын президенти 24-сентябрда кол койгон чаң менен күрөшүү боюнча улуттук программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.
Программа жаңы технологиялар жана жашылдандыруу аркылуу 2028-жылга чейин чаңды 50% кыскартууга багытталган. 1200дөн ашык күнөсканага тазалоочу жабдууларды орнотуу пландалууда. Ошондой эле 441 гектар жерге жашыл зоналар жана парктар уюштурулат.
2028-жылдан тарта “Евро-4” стандартынан төмөн күйүүчү майларды колдонууга чектөө киргизилет.
Ташкенттин тургундарын күз-кыш мезгилинде жылытуу үчүн колдонулган мазуттун айынан абанын булганып жатканына нааразы болуп келишет.