Ал “Мигрант Медиа” долбоорундагы маегинде дарыгерлер үч күндө эки операция жасашканын, бул медициналык практиканын стандарттарын бузуу болуп саналарын айтты.
Умед бул сөзүн тастыктаган документтерди көрсөтүп, дарыгерлердин апасына жасаган мамилесине нааразычылыгын билдирген. Операциядан кийин дарыгерлер дарылануу үчүн акча талап кыла беришкенин, бирок жылыш болгон эмес. Ал апасынын медициналык картасын алууга аракет кылган, бирок аны берүүдөн да баш тартышкан.
Умед Тажикстандын консулдугуна жардам сурап кайрылган, бирок юридикалык чыгымдарга жана дипломаттардын кайдыгер мамилесине туш болгон. Консул Умед кол койгон келишимге таянып, оорукана дарылоонун жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартпай турганын түшүндүргөн.
Орусияда 13 жылдан бери иштеп келе жаткан Умед мигранттар өлкөдө адилетсиздикке көп кабыла турганын баса белгиледи.