Ссылки доступа

Бишимбаев Салтанат Нукенованын агасына 35 доллар кун төлөдү


Айтбек Амангелди
Айтбек Амангелди

Маркум Салтанат Нукенованын бир тууганы Айтбек Амангелди Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевден моралдык жана материалдык чыгым үчүн 35 миң доллар компенсация алды.

Сот эжесинин өлүмү Айтбектин психоэмоционалдык абалына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп, доону жарым-жартылай канааттандырган.

Сот Бишимбаевден кылмыш ишинин чыгымдарын – 6 миллион 877 миң 672 теңгени (14,3 миң доллар) жана 10 миллион теңге (20,8 миң доллар) моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылган. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Бишимбаевди быйыл 13-майда Астананын район аралык кылмыш соту жарандык жубайы Салтанат Нукенованы «өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн» деп 24 жылга эркинен ажыраткан, жаза мөөнөтүн абактын коопсуздугу күчөтүлгөн колонияда өтөөгө жөнөткөн.

Август айында Айтбек Амангелди Куандык Бишимбаевдин үстүнөн жаңы доо арыз жазганы белгилүү болгон. Ал келтирилген материалдык чыгымды өндүрүүгө жана моралдык зыяндын ордун толтурууга багытталган. Амангелди доо арызды адвокаттарга, жатаканага жана учакка кеткен чыгымдарды төлөтүү үчүн жазганын түшүндүргөн. Анын суммасы жарыяланган эмес. Бирок жактоочу Жанна Уразбахова жабырлануучу канчалык көп сумма талап кылса, соттолгон адам үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу мүмкүнчүлүгү ошончолук азаят деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG