Ссылки доступа

Казакстанда ЖККУнун машыгуулары өтөт


26-сентябрдан тарта ЖККУ өлкөлөрүнүн аскер контингенттери Алматы облусундагы “Берег” полигонунда 7-октябрга чейин өтө турган машыгууларга катышуу үчүн Казакстанга келе баштады.

Ага Кыргызстан, Тажикстан, Беларус жана Орусиянын аскер кызматкерлери катышууда. ЖККУнун бардык органдарына мүчөлүгүн токтоткон Армения машыгууга катышкан жок.

Машугуунун жетекчиси, генерал-майор Алмаз Жумакеевдин айтымында, машыгуунун максаты жамааттык коопсуздукту чыңдоо жана тынчтык орнотуу потенциалын өнүктүрүү болуп саналат. Жалпысынан машыгууларга 4 миңге жакын адам катышат.

Машыгуу Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча 6-октябрда өтүүчү референдумга даярдыктын алдында башталууда. Ал добуш берүүнүн эртеси аяктайт.

2022-жылы январь айында массалык нааразылык акциялары учурунда президент Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУнун аскерлери Казакстанга киргизилген. Кийинчерээк казак бийлиги ЖККУнун күчтөрү митингчилерге каршы операцияларга катышпаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG