Ссылки доступа

Тажикстандык баланы кыйноого алууга айыпталган орусиялык беш жылга соттолду


Екатеринбург соту Александр Наумовду беш жылга эркинен ажыратты. Ал Тажикстандан барган мигранттын уулу –  алты жаштагы Далер Бобиевди кыйноого алган деп табылды. Наумов маркум баланын камкорчусу болгон. Ал кылмыш жасалган маалда Украинада фронтто жүргөнүн айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бирок тергөө кышында ал эмгек өргүүгө келип кеткени боюнча далилдер бар экенин билдирди.

Далер Бобиев 2023-жылдын 26-июнунда дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү жашоочулар аны үч күн издешкен. Кийинчерээк бала 2022-жылы декабрда өлтүрүлгөнү, анын сөөгү гараждагы сумканын ичинден болгону билинген.

Наумовдун жактоочусу өкүм боюнча даттанууга ниеттенүүдө.

Бул арада Далердин өлүмүнө айыпталып жаткан Вероника Наумова менен анын жээни Даниил Егольниковдун соту да уланууда. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Наумова Егольниковду үйдөн кууп чыгам деп коркутуп, кылмыш жасоого мажбурлаган.

Экөө тең улуттук кастыктан улам баланы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү, баланын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү, жабырлануучуга зомбулук көрсөтүү, баланы мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу боюнча айыпталууда.

XS
SM
MD
LG