Актёрго каршы арыздардын бирин 2014-жылы анын ассистенти болуп иштеген аял (ал кезде 24 жашта болчу) жазган. Ал Депардьени тасма тартуу учурунда аны "кармалаган жана ылайыксыз сөздөрдү айткан" деп айыптаган.
Экинчи арызды 53 жаштагы сүрөтчү-коюучу жазып, Депардье ага 2021-жылы тасма тартуу учурунда ыдык көрсөткөнүн билдирген. Анын айтымында, актёр аны жанындагылар кийгилишкенде гана кое берген. Анда тасма тартып жаткан топ Депардьеден кечирим суроону талап кылганда, ал: "Мен кечирим сурашым керек болгондуктан кечирим сурайм", – деп айткан. Арыз ээси белгилегендей, Депардье тасма тартылып бүткөнгө чейин аны сойку деп атап жүргөн.
Мындан тышкары актриса Шарлот Арну 2020-жылдан бери актёрду ыдык көрсөтүүгө жана зордуктоого айыптап келет. Анын айтымында, Депардье аны 2018-жылы 22 жашында эки жолу зордуктаган. Жалпысынан актёрго каршы сексуалдаштырылган зомбулук боюнча 15тен ашык айып тагылган. 2023-жылы декабрда Депардьенин ыдык көрсөтүүлөрү тууралуу документалдык тасма чыккан.
Актёрдун адвокаттары акыркы айыптоолор боюнча AFP журналисттеринин суроолоруна жооп беришкен эмес. Депардье өзү айыптоолордун баарын четке кагып келет.