Ссылки доступа

Алексей Навальный катаал режимдеги колонияда алгачкы сөгүшүн алды


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулганына бир апта болгондо  ага алгачкы сөгүш берилди. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Ал ушул кезге чейин ага берилген сөгүштүн жалпы саны 30га жеткенин, 30-августта анын баары жоюулушу керектигин, бирок жаңы абакка которулары менен эле дагы бир ушундай жаза алганын жазды.

Навальныйдын айтымында, ага сөгүш эртең менен бети-колун түрмөдө берилген формасын кийбей жуунганы үчүн берилген.

Оппозиционер эми аны каалаган учурда түрмөнүн эрежесин бузууга айыпташып, айып изоляторуна камоолору ыктымал экенин айткан.

“Ал жерде өпкө кагынып, мойнуң сынып, же болбосо жатактан түшүп өлүшүң мүмкүн”, - деген саясатчы.

Мелехово түрмөсүндө отургандар кыйноо учурлары жөнүндө дайыма даттанып келишет. Былтыр мартта "Медиазона" түрмөдө отуруп чыккан Иван Фоминдин катын жарылаган. Ал колониядагы ур-токмок, кыйноо жана сексуалдык зомбулук жөнүндө жазган. Навальныйдын Мелехового которулары жазында эле белгилүү болгон. Ал камактагылар оппозиционерге "түрмөдө түрмө" даярдалып жатканын айтышканын билдирген.

Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи ишине байланыштуу 9 жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту биринчи инстанциянын майда ушул эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырат.

Саясатчы 14-июнда Покров шаарында түзөтүү колониясынан Мелеховодогу катаал режимдеги түрмөгө которулган.

XS
SM
MD
LG