“Мен чынчыл, абийирдүү жана ак-ниетүү адам, Орусиянын чыныгы патриоту, Орусияга өнүгүү, тынч жашоо жана сөз эркиндигин гана каалаган күйөөм менен тилектешмин”, – деп жазды ырчы Орусиянын Юстиция министрлигине кайрылуусунда.
Орусиянын Юстиция министрлиги 16-сентябрда Алла Пугачёванын күйөөсү, куудул, актёр жана шоумен Максим Галкинди чет элдик тыңчылардын милдетин аткарып жаткан адамдардын тизмесине киргизген. Сайттагы маалыматта Галкин Украинадан акча алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы белгиленген.
Орусия Украинага басып кирген биринчи күндөн тартып Максим Галкин согушту кескин айыптап келет.
Галкин Одесса аткылангандан кийин орус аткаминерлерине кайрылуу жасап: “Силер Пасхада тынчтык жөнүндө бата тилеп, ошол эле маалда канаттуу ракеталарыңарды турак-жайларга атып жатасыңар”, – деген.
Сентябрдын башында Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков актердун позициясына комментарий берип жатып, Галкин “өтө начар билдирүү жасаганын” айткан.