Ссылки доступа

АКШ Украинага 400 миллион долларга бааланган кошумча аскердик жардам жөнөтөт


HIMARS
HIMARS

АКШ Украинага дагы 400 миллион долларга бааланган кошумча аскердик жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Associated Press агенттиги аты-жөнү айтылбаган америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, жардамдын жаңы топтомуна негизинен чалгын маалыматтарын топтоо үчүн колдонула турган Hornets нано-дрондору, 32 даана чопкутталган "Страйкер" автоунаасы, 28 миллион ок-дары, ошондой эле HIMARS системалары, NASAMS абадан коргонуу каражаттары, танкка каршы "Стингер" жана "Жавелин" куралдары үчүн ракеталар, гаубицалар үчүн снаряддар кирет.

Бул жардам курал-жаракты азайтуу боюнча президенттик программанын алкагында берилет. Ал АКШнын жеке запастарынан алынгандыктан, Украинага бир нече күндүн ичинде жеткирилет. Бул схема Байденге Конгресстин макулдугусуз эле жардам жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Орусиянын аскерлери Украинага бастырып киргенден бери АКШ Киевге берген аскердик жардамдын жалпы суммасы 41 миллиарддан ашты.

XS
SM
MD
LG