Ссылки доступа

Өзбекстанда Тышкы миграция агенттигинин аткаминерлерине кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин кызмат адамдарына каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында бул мекеменин ишмердүүлүгүн текшерип жатат.

Ачыкка чыгып кеткен тергөө документтерине ылайык, аталган мекеменин кызмат адамдарына каршы "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2-январда агенттиктин бери дегенде эле үч кызматкери, анын ичинде мекеменин жетекчиси Афзал Ирматов суракка чакырылганы кабарланууда.

Миграция боюнча агенттиктин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери 3-январда Улуттук коопсуздук кызматы мекеменин имаратында тинтүү жүргүзгөнүн билдирди. Анын айтымында, Афзал Ирматов 2-январдан бери жумушка чыга элек, кызматкерлер арасында анын камакка алынганы боюнча кептер тарап жатат.

Агенттиктин басма сөз катчысы Ортикхожа Норов эмгек өргүүсүндө экенин жана мекеме жетекчилигине кылмыш иши козголгону боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Азырынча Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да, өлкөдө иш алып барган бир да басылма агенттиктин жетекчисине кылмыш иши козголгону боюнча маалымат чыгара элек.

Бул Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин жетекчилигине каршы кылмыш иши козголгон алгачкы учур эмес. 2018-жылы ноябрда мекеменин ошол кездеги башчысы Равшан Ибрагимов менен анын орун басары Улугбек Назаров ири өлчөмдө пара алуу айыбы менен ар бири 12 жылга соттолгон.

Анда айрым басылмалар аталган агенттиктин 20га жакын кызматкери Түштүк Кореяга иштегени кетип жаткан жарандардан 20 миллион доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип жатканын жазышкан. Кийинчерээк бул маалыматты Башкы прокуратура ырастаган.

Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттик аркылуу Түштүк Кореяга ишке жөнөтүү үчүн Өзбекстанга жыл сайын 5 миңден квота берилсе, каалоочулардын саны 100 миңден ашып кетет. Буга чейин чет өлкөгө жумушка барууну каалагандар талапкерлерди тандоо процесси ачык-айкын эмес экенине бир нече жолу даттанышкан.

XS
SM
MD
LG