Ссылки доступа

Армения менен Азербайжандын чек арасында от атышуу болду


Армениянын Коргоо министрлиги 13-сентябрга караган түнү Азербайжан тарап чек арага жакын аймактарды аткылаганын кабарлады. Баку чабуулду Еревандын "масштабдуу диверсиясы" деп негиздеди.

Жаңжал курчуп кеткенине байланыштуу Армения Орусияга, ЖККУга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылууну чечти.

"Армения Республикасынын суверендүү аймагына каршы агрессияга байланыштуу Достук, кызматташтык жана өз ара жардам келишиминин жоболорун ишке ашыруу максатында расмий түрдө Орусия Федерациясына, мындан тышкары Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алыны", – деп айтылат армян премьер-министри Никол Пашиняндын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

13-сентябрь күнү эртең менен Азербайжан жана Армения ок атышууну токтотууну макулдашты.

"13-сентябрь саат 00:05те Азербайжандын Аба күчтөрү армян позицияларына артиллерия жана ири калибрлүү куралдардан Горис, Сотк жана Журмук багыттарын көздөй интенсивдүү түрдө аткылай баштаган", - деп айтылат Армениянын аскердик мекемесинин билдирүүсүндө.

Горис Армениянын түштүгүндө, Журмуктан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан. Сотк түндүк жакта, Севан көлүнүн жанында. Гористен ага чейинки аралык 90 чакырым. Азербайжандын аскерлери учкучсуз учуучу аппараттарды жана минометторду колдонуп жатканы айтылууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги болсо Армениянын Куралдуу күчтөрү азери-армян мамлекеттик чек арасында "масштабдуу диверсия" жасаганын маалымдады.

"12-сентябрга караган түнү Армениянын Куралдуу күчтөрү Дашкесан, Келбажар жана Лачиндеги азери-армян мамлекеттик чек арасын көздөй ири масштабдуу диверсия жасады", - деп билдирди Азербайдандын Коргоо министрлиги.

Мекеменин маалыматына караганда, армениялык диверсиялык топтор караңгыда азербайжан армиясынын жолуна мина төшөгөн.

Азербайжан чек арадагы позициялары аткыланып, жеке курамда жоготуу болгонун кабарлады.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Арам Торосян кийинчерээк Азербайжан жарандык объектилерге жана инфраструктураларга сокку уруп жатканын айтты. Азербайжан муну четке какты.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG