Ссылки доступа

Армения аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн ЖККУдан жардам сурады


Армения ЖККУдан өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн жардам сурады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян парламентте сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Армения ЖККУга 4-берене боюнча кайрылып, аскердик жардам сурады. Ереван ЖККУдан башка Орусиядан да аскердик көмөк сураган.

Пашинян салгылашуу учурунда Азербайжан Армениянын айрым аймактарында көзөмөл орнотконун, чабуулдан 105 армян аскер кызматкери өлгөнүн белгиледи. Ошол эле маалда премьер-министр азырынча өлкөгө аскердик абал режимин киргизүү зарылдыгы жок экенин айтты.

Бул арада ЖККУнун секретариаты уюмдун биргелешкен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров баштаган миссия Арменияга 15-сентябрда жөнөп кетерин кабарлады.

Армян-азери чек арасындагы ок атышуулар токтой элек. Армян тарап Азербайжан учкучсуз учактарды, артиллерия, миномет жана ири калибрлүү куралдарды колдонуп жатканын билдирүүдө. Азербайжан дагы Арменияны миномет жана артиллериялык курал-жарактарды колдонууга айыптоодо.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңеши Арменияга башкы катчы Станислав Застын жетекчилиги алдында өз миссиясын жөнөтүүнү чечкенин маалымдаган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG