Ссылки доступа

Associated Press: Орусияда украиналыктарга арналган "түрмөлөрдүн түйүнү бар"


Миңдеген украиналык жаран Орусиядагы жана оккупацияланган аймактардагы расмий жана бейрасмий түрмөлөрдө кармалып, кыйноолорго жана психологиялык зомбулукка кабылууда. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Орусиянын өкмөттүк документтерине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай абактарда Украинанын аскер кызматкерлери да, жөнөкөй жарандары да кармалып турат. Агенттик аларды кыйноого алуу менен орус бийлиги Женева конвенциясын бузуп жатканын белгиледи.

Басылманын журналисттери орус абактарынан чыккан ондогон украиналык аскерлер, жарандар жана алардын жакындары менен сүйлөшүп, спутниктен тартылган сүрөттөрдү, документтерди, Кызыл чырым уюмунун каттарын жана социалдык түйүндөрдөгү материалдарды анализдеп чыгышкан. "Жыйынтыгында алардын көбү украин тилинде сүйлөгөнү же оккупацияланган аймакта калганы үчүн кармалганы аныкталды. Көбү эч кандай айып тагылбаса да камакта кармалып турган. Алардын арасында террорист же "атайын аскердик операцияга" каршылык көрсөткөн адам катары кармалгандар да болгон. Абактан чыккандан кийин журналисттер менен сүйлөшкөн украиналыктардын баары ур-токмокко алуу, ток урдуруу жана муунтуу өңдүү кыйноолорго кабылганын айтышты. Көбү адамдар өлгөн учурларга күбө болушканын билдиришти", – деп жазды Associated Press.

Басылма эл аралык укук жарандык адамдарды аскер туткундарына алмаштырууга тыюу саларын белгилеп, бирок Орусия камактагы украин жарандарын туткунга түшкөн орус жоокерлерине алмаштырып жатканын жазды.

Euronews белгилегендей, туткундарды алмаштыруу жараянынын жүрүшүндө украин аскерлери менен бирге мекенине 400гө жакын жарандык адам кайтып келген.

"Азыр оккуппацияланган аймактарда украин жарандары кармалып турган кеминде 63 түрмө (БУУнун маалыматында 125) бар. Арасында жаңы курулгандары да, эски жертөлөлөр да бар. Украиналыктар Орусиядагы 40тан ашык түрмөгө (БУУнун маалыматы боюнча 37) жөнөтүлгөн учурлар да аныкталды", – деп жазды Associated Press.

Азырынча Орусиянын расмий адамдары басылманын бул макаласына эч кандай реакция кыла элек.

БУУнун июнда жарыяланган баяндамасында да Орусиянын абактарына түшкөн украин жарандары кыйноого жана катаал мамилеге кабылып жатканы жазылган. Анда мындай учурлар жөнүндө камактагылардын 90% ашыгы айтканы белгиленген.

Учурда Украинанын канча жараны камакта экенин так аныктоо мүмкүн эмес. Орусия жарандык адамдар камакка алынып жатканын четке кагып келет. Киев орус түрмөлөрүндө болжол менен 10 миң украин жараны кармалып турат деп божомолдоодо.

Укук коргоочу жана Gulagu.net долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкиндин эсебине ылайык, Орусия бүгүнкү күндө сегиз миңден ашык украиналык жөнөкөй тургунду камакта кармап турат.

XS
SM
MD
LG