Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жумандын иши апелляциялык баскычтагы соттун жаңы кароосуна жөнөтүлдү. Буга соттун буга чейинки өкүмүнө макул болбогон эки тараптын Жогорку сотко жазган кассациялык арызы себеп болгон.
Соттолуучунун адвокаты Оксана Мусохранованын айтымында, иштин материалдарында кызды көздөй ким ок атканы аныкталган эмес, Арман Жуманга болсо кол алдындагы кызматкерлерге ок атуу буйругун берген деген айып тагылган.
"Ал күнү жабырлануучу (Айкөркөмдүн атасы Айдос Мелдехан) менен Арман Жуман бири-бирине жакын эле жүргөнүн, бирок кезикпегенин буга чейин да айтканбыз. Мелдехан соттолуучу жүргөн Желтоксан көчөсүнө жетпегенин аныктадык. Ал күнөөлүү эмес", – деди Мусохранова.
Өз кезегинде Айдос Мелдехан Жогорку соттун чечими менен макул эмес экенин билдирди.
"Айыптоо өкүмүн катаалдатуу шарты менен ишти кайра тергөөгө жиберишсе бир жөн. Бирок алар өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, айыптоо өкүмүн жокко чыгарып коюшту. Бул эмнени билдирет? Менин оюмча, бул аны актоого болгон аракет. Чоо-жайын билүү үчүн телефон чалып, кат жазып жатам, бирок эч ким жооп берген жок", – деди Мелдехан.
Ал мурдагыдай эле бардык күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышын жана "Ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалануу" беренесин "Адам өлтүрүү" беренесине өзгөртүүнү талап кыла берерин кошумчалады.
Быйыл мартта кылмыш иштери боюнча Аскердик соттун коллегиясы биринчи баскычтагы соттун актоо өкүмүн жокко чыгарган.
Арман Жуманга каршы козголгон кылмыш иши быйыл февралда аяктаган. 2022-жылы декабрдын аягында "Адам өлтүрүү" беренеси менен козголгон кылмыш иши "Ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалануу" беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болгон. Анда Айкөркөмдүн атасы бул иш боюнча айыпталуучу катары бир гана киши өтүп жатканы туура эмес экенин айткан.
"Арман Жуман сөзсүз түрдө сот жообуна тартылышы керек. Бирок ок чыгарган адам жоопко тартылбай калганы жатат. Бул боюнча даттанабыз. Экспертиза ок атылган автомат кимде болгону белгисиз деп берип жатат. Ошондуктан командири соттолууда. Айкөркөмгө тийген ок табылбай калды деп жатышат", – деген Мелдехан.
Төрт жашар Айкөркөм Мелдехан жакындары менен автоунаада бара жатканда ок жеген. Анда анын 16 жаштагы эжеси жаракат алган. Бийлик унаага ким ок атканын ачыктабай келет:
Айкөркөм Мелдехан 2022-жылы 7-январда жакындары менен автоунаада азык-түлүккө бара жатканда башынан ок жеп каза болгон. Эжеси жарадар болуп, операция жасалган.
Жуман былтыр июлда буйрукту аткарганын, адам өлтүрүү ниети болбогонун журналисттерге айткан.
Жабырлануучу тарап Жумандын аракеттерин "ыйгарым укуктарын ашык пайдалануу" эмес, "адам өлтүрүү" деп сыпаттоону талап кылып келет.
Казакстанда 2022-жылдын 2-январында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Төрт жашар Айкөркөм алардын эң кенжеси. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.