Каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашат. Документте ал “социалдык колдоо чаралары” катары көрсөтүлгөн.
Казакстан президентинин Байкоңурдагы атайын өкүлү бул сунуш ал жакта жашаган Орусия жарандарына гана тиешелүү экенин маалымдады.
Казакстандагы Байкоңур калаасын Орусия 2050-жылга чейин ижарага алган. Жылына 115 млн доллар акы төлөп турат.
Былтыр ноябрда Орусия президенти Владимир Путин мобилизацияланган жарандарга 195 миң рубль көлөмүндө бир жолку көмөк көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.