Ссылки доступа

Баку менен Ереван чек арадагы ок атуулар үчүн бири-бирин айыптоодо


Азербайжандын бийлиги 16-августта чек арадан өтүүгө аракет кылган армян диверсиялык тобунун мүчөсү кармалганын билдирди. Ереван бул маалыматты четке кагууда.

"16-август күнү саат 11:15терде армян армиясынын чалгындоо-диверсиялык тобу Азербайжандын аймагына өтүүгө аракет кылган. Армян аскерлеринин бул чагымы токтотулуп, топтун жарадар болгон бир мүчөсү туткунга алынды", – деп жазылган азери Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Азербайжандын маалыматына караганда, окуя Армения менен чек арага жакын жердеги Келбажар районунун Истису айылынын аймагында болгон.

"Америка үнү" AFP агенттигине шилтеме кылып кабарлагандай, окуя Евробиримдик аймакта жүргөн чек ара түзүмү аткыланганын билдирген күндүн эртеси катталды. Бул ок атуу үчүн Армения азери тарапты айыптаган.

Армениянын Коргоо министрлиги резервдеги армян жоокери согуштук позициясынан уруксатсыз кетип калганын билдирди. "Резервдеги жоокер кандайча азери тарапта болуп калганы боюнча ыктымал сценарийлер иликтенүүдө", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Акыркы күндөрү Баку менен Еревандын ортосунда чыңалуу кескин күчөдү. Тараптар бири-бирин чек арада ок чыгарууга айыптоодо.

XS
SM
MD
LG