Ссылки доступа

МБанк Temirov Live каналынын эсебин тейлөөдөн баш тартканы кабарланды   


Журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган Temirov Live Ютуб каналы “Кыргызстан” банкы анын МБанк төлөө системасындагы эсебин жокко чыгарганын Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Temirov Live каналы кабарлагандай, аларды материалдык колдоо үчүн МБАНК төлөө системасында банк эсеби ачылганын жарыялагандан кийин ушундай кырдаал түзүлгөн. Учурда каналдын юристтери анын себебин банк менен териштирип жатат.

Азырынча “Кыргызстан” банкы бул тууралуу коменттарий бере элек. Kaktus.media басылмасына банк Temirov Live каналы эсебиндеги акчасын чыгарып алса боло тургананын айтып, бирок тейлөөдөн эмнеге баш тартканын түшүндүргөн эмес.

Задержание блогера, блокировка сайта Радио Свобода и арест его счетов: в Кыргызстане усиливается давление властей на СМИ
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Temirov Live – соттун чечими менен өлкөдөн күчтөп чыгарылган, коррупцияны иликтеген журналист Болот Темировдун Ютуб каналы.

XS
SM
MD
LG