Ссылки доступа

Тажикстанда Рогун ГЭСи курулуп бүткөнгө чейин электр жарыгын чектөө уланат


Тажикстанда Рогун ГЭСи толук курулуп, пайдаланууга берилгенге чейин күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясына чектөө киргизүү улана берет. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик "Барки точик" энергохолдинги билдирди.

Мекеменин төрага орун басары Абдулло Курбонзода белгилегендей, буга электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүүсү жана суу сактагычтардагы суунун аздыгы себеп.

Өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума жашоочуларды кышка азыртадан эле даярдык көрүп, көмүр сатып алууга чакырды.

Ал арада тургундар электр жарыгы азыртан эле күнүнө бир нече саатка эскертүүсүз өчүрүлүп жатканына даттанууда. Электр тармагындагы аткаминерлер бул өчүрүүлөрдү оңдоо жана кышка даярдык көрүү иштери менен түшүндүрүп жатышат.

Тажикстанда калкты күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу көйгөйү 30 жылдан бери чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG