Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата армияга кеткен мигранттардын саны 10 миңден ашты.
"Жарандык алган адамдар аскердик каттоого туруп, зарыл учурда атайын аскердик операцияга катышууга милдеттүү деген Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун ишке ашыра баштадык", - деди Бастрыкин.
Анын айтымында, мигранттарды ал жетектеген мекеменин тергөөчүлөрү аскердик каттоого алып жатат. Жарандык алган, бирок аскердик каттоого турууну каалабаган 30 минден ашуун жаран кармалган.
2022-жылы Орусиянын чабуулу башталгандан бери Орусияга иш издеп барган эмгек мигранттары согушка жөнөтүлүп жатканы айтылып келет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү жарандарынын согушка катышуусун жалданма иш катары бааларын эскертишкен.
2011-жылдан бери Тергөө комитетин жетектеп келген Бастрыкин буга чейин бир нече жолу мигранттарга каршы чыгып, миграция мыйзамдарын катаалдаштырууну колдогон.