Ссылки доступа

Байден Украинага ленд-лиз боюнча курал-жарак жеткирүү жөнүндө мыйзамга кол койду


АКШнын президенти Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Украинага "согуштук аракеттер аяктаганга чейин" курал-жаракты ижарага же насыяга (ленд-лиз) берүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.

Ленд-лиз мыйзамы Украинага курал-жарак, аскердик жардам жана башка ресурстарды жеткирүүнү тездетет. Ал Конгресстин кароосуна быйыл январь айында – Орусия Украинага кол сала электе эле киргизилген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Твиттер" аркылуу Жо Байденге ыраазычылык билдирди:

"Ленд-лиз жөнүндө азыркы мыйзамдарга кол коюу – тарыхый кадам. Биз чогуу жеңебиз деп ишенем. Украинадагы жана Европадагы демократияны коргойбуз. 77 жыл мурдагыдай эле".

Украинада согуш башталгандан бери АКШ Киевге жалпы суммасы 2,4 миллиард долларга жеткен аскердик жардам берди. 28-апрелде Жо Байден Конгресстен кошумча 33 миллиард каражат бөлүүнү сураган.

Азыркы ленд-лиз жөнүндө мыйзам Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы мыйзам сыяктуу эле иштейт. Анда АКШ союздаштарына аскердик техниканы жана азык-түлүктү алдын ала төлөмсүз жана төлөө мөөнөтүн узак убакытка жылдыруу менен берген. Мындай жардамды алгандарды бири Советтер Союзу болгон.

Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин апрелдин аягында АКШдан ленд-лиз боюнча жардам алуу менен Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүн карызга батырарын айткан.

Видео

Видео

 Элдик таланттарга шык берген амфитеатр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00
XS
SM
MD
LG