Ссылки доступа

Байден Конгрессти тез арада Украина менен Израилге жардам берүүнү жактырууга чакырды

Жекшемби күнү кечинде АКШнын президенти Жо Байден жана Конгресс лидерлери Украина менен Израилге аскердик жардам берүү маселеси боюнча телефондо сүйлөштү.

Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, президент буга чейин Сенат жактырган "Израилге, Украинага жана Тайванга аскердик жардам бөлүү тууралуу" мыйзам долбоорун Өкүлдөр палатасы тез арада кабыл алышы керектигин белгиледи.

Өкүлдөр палатасынын республикачыл спикери Майк Жонсон бул документти добушка койбой келет. Конгресстеги айрым республикачылар долбоордогу сунуштар менен катар миграциялык мыйзамдар катаалдатылышы керектегин же Украинага түз жардам эмес, насыя катары каражат берилиши керектигин билдирүүдө.

14-апрелге караган түнү Иран Израилдин аймагына канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку ургандан кийин эки партиянын өкүлдөрү тең тез арада еврей мамлекетине аскердик жардам бөлүү зарыл экенин белгилеп жатышат. Мунун эң тез жолу катары Изарилге 14 миллиард доллар, Украинага 60 миллиард доллардан ашык жардам каралган мыйзам долбоорун кабыл алуу айтылууда.

Маалыматка караганда, жекшемби кечиндеги сүйлөшүүгө Байденден тышкары Жонсон, ошондой эле Конгресстеги республикачылар менен демократтардын лидерлери катышты. Анын баары түз же кыйыр түрүндө Жонсонду буга чейин Сенат жактырган долбоорду ушул жуманын ичинде добушка коюуга чакырышкан.

Өткөн жумада Өкүлдөр палатасынын спикери жакында палата Израилге да, Украинага да жардам берүү маселесин талкуулай турганын айтып, бирок мыйзам долбоорунун бир аз өзгөртүлгөн варианты добушка коюлушу мүмкүн экенин ишарат кылган. Мурдараак айрым оңчул республикачылар эгер Жонсон документти эч кандай өзгөртүүсүз добушка койсо, аны спикерликтен кетирүү демилгесин көтөрө тургандыктарын айтышкан.

XS
SM
MD
LG