Ссылки доступа

Байден: АКШ Украинага заманбап ракеталык системаларды берет


АКШнын президенти Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден Украинаны алдыңкы заманбап ракеталык системалар менен камсыздоо макулдашылганын билдирди.

Ал The New York Times гезитинде жарык көргөн баяндамасында: "...агрессиядан коргонууга кудуреттүү, демократиялык, көз карандысыз, суверендүү жана бакубат Украинаны көрүүнү каалайбыз. Ошондуктан украиндерге заманбап ракета системалары менен курал-жарак беребиз деп чечтим. Алардын жардамы менен согуш майданындагы буталарды таамай ата алышат", - деп жазды.

Муну менен бирге америкалык лидер ал курал менен чек аранын сыртындагы буталарга сокку урулбайт деген шарт коюлганын белгиледи.

Байден Орусиянын баскынчылыгына дипломатиялык жол менен чекит коюуга болорун, бирок сүйлөшүүлөр үстөлүндө украин тараптын артыкчылыгы болушу үчүн АКШ курал-жабдуу менен камсыздоого тийиш экенин кошумчалады.

Вашингтон администрациясынын расмий өкүлү кабарчыларга билдиргендей, Кошмо Штаттар Himars деген артиллериялык ракета системасын жөнөтүүгө көндү. Алар ушу тапта Украинада колдонулуп келаткан гаубицалардан алысыраак учат.

Эксперттер сөз болгон система Донбасста кармашып жаткан украин армиясы үчүн өтө маанилүү экенин айтып келишет.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин Киевди орус аймагына жете алган курал менен камсыздоо жаңжалды ого бетер курчутарын эскерткен.

Орусия басып киргенден бери АКШ Украинага 4 миллиард долларга аскердик жардам берди.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG