Ссылки доступа

Ак үй: Түндүк Корея жашыруун түрдө Орусияга ок-дары берип жатышы мүмкүн


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин

АКШ Түндүк Корея жашыруун түрдө Орусияга артиллериялык снаряддарды берип жаткан болушу мүмкүн деп шектенүүдө. Бул тууралуу CNN телеканалы америкалык чалгынга жана президент Жо Байдендин администрация өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлады.

АКШ чалгынынын маалыматына караганда, Түндүк Корея ок-дарылар Жакынкы Чыгыш же Түндүк Африка өлкөлөрүнө кетип жаткандай түр көрсөтүүгө аракет кылганы менен, чынында алар Орусияга багытталган.

Ошол эле маалда билдирүүдө Пхеньян Орусияга канча ок-дары жөнөткөнү же жөнөтүүгө даярданып жатканы тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Бирок АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Вашингтон Түндүк Кореядан Орусияга курал-жарак жеткирүү ыктымалдуулугун көзөмөлдөөнү улантып жатканын билдирди.

Азырынча Орусия менен Түндүк Кореянын өкүлдөрү бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Сентябрь айында да АКШнын Чалгын кызматы Орусия Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды жана башкарылгыс ракеталарды сатып алып жатканын билдирген.

Буга чейин Орусия Ирандан "Шахед-136" деп аталган жанкечти-дрондорду алып жатканы белгилүү болгон. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги менен Иран расмий түрдө муну четке кагып келишет. Бул билдирүүлөрдүн фонунда аскердик эксперттердин көбү орус армиясында ок-дарылар жетишсиз болуп жатканын белгилешүүдө.

Түндүк Корея дүйнөдөгү эң ири артеллериялык топтордун бирине ээ. Өлкөдөгү курал-жарактардын көбү советтик калибрдеги снаряддарды колдонот. Демек алар Орусиянын артиллериясына да туура келет.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG