Ссылки доступа

Bloomberg: Ак үй америкалык банктарды орус компанияларына кызмат көрсөтүүнү улантууга чакырууда


АКШнын Каржы министрлиги менен Мамлекеттик департаменти тымызын түрдө JPMorgan жана Citigroup баштаган ири банктарды "белгилүү бир орусиялык компаниялар" менен кызматташуудан баш тартпоого чакырууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, АКШ бийлиги банктарды "Газпром", "Уралкалий" жана "Фосагро" сыяктуу компанияларга базалык кызматтарды көрсөтүүнү (доллар менен эсептешүү, акча которуулар, соода каржылоо) улантууга үндөп жатышат.

Агенттиктин белгилешинче, Жо Байдендин администрациясы мындай жол менен санкциялардын терс кесепеттерин төмөндөтүүнү жана "глобалдык экономикалык катастрофалар менен планетадагы жапырт ачарчылыкты" болтурбоону каалап жатат.

Украинага кол салгандан кийин Орусияга каршы киргизилген санкциялардан улам америкалык банктардын көбү АКШ бийлигинин айып пулдарына кабылып калуудан кооптонуп, орусиялык компаниялар менен этияттап иш алып барып калышкан.

"Дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугу бул транзакцияларга да бир топ көз каранды. Биз айыл-чарба азыктарын сатуу жана сатып алуу менен алектенген жарандарга, банктарга санкциялар режими аларга тиешелүү эмес экенин түшүндүрүүнү улантып жатабыз", – деди Мамлекеттик департаменттин Санкцияларды координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Жеймс О'Брайен.

Украинада согуш башталгандан кийин ири трансулуттук банктар Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, орусиялык кардарлар менен иштешүүдөн баш тарта башташкан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG