Кирбинин айтымында, өлгөндөрдүн жарымы – “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жалданмачылары. Орусия бул билдирүүгө реакция жасаган жок. Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулары жөнүндө маалыматты акыркы жолу – былтыр сентябрда жарыялап, 5 937 аскери өлгөнүн маалымдаган.
"Вагнер" компаниясынын түзүүчүсү жана демөөрчүсү Евгений Пригожин да канча аскерин жоготконун ачыктаган эмес, бирок өлгөндөр көп экенин мойнуна алган.
Би-Би-Синин орус кызматы ачык булактарга таянып билдиргенине караганда, апрелдин аягында Украинадагы согушта кеминде 21 700 орус аскери каза болгон.
Жон Кирби украин армиясынын жоготуулары боюнча чалгын маалыматтарын ачыктаган жок. Ал муну “контрчабуулга камданып жаткан союздашынын түйшүгүн татаалдаштыргысы келбегени” менен түшүндүрдү.