Ссылки доступа

Блинкен менен Лавров америкалык журналисттин камакка алынышын талкуулады


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Жекшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондо сүйлөштү.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Блинкен орус тарапты The Wall Street Journal басылмасынын Москвада кармалган журналисти Эван Гершковичти тез арада бошотууга чакырды. "Мамлекеттик катчы бул кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны кабыл алынгыс деп атады", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Блинкен менен Лавров дипломатиялык миссияларга өз ишин аткарууга мүмкүндүк бере турган шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн талкуулаганы белгиленди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да бул сүйлөшүү жөнүндө билдирүү таратып, Лавров Блинкенге "орус бийлигинин чечимдерин сыйлоо керектигин" эскерткенин билдирди. "Вашингтондогу расмий адамдар менен батыш ЖМКларынын бул окуяга саясий түс берүү максатында ажиотаж жаратуусу жол берилгис экени белгиленди", – деп жазылган орус ТИМинин билдирүүсүндө.

Сергей Лавров америкалык журналист далилдер менен колго түшкөнүн да белгилеген.

30-мартта Москвадагы Лефортово соту Эван Гершковичти 29-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. ФСБ журналист "АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн" билдирүүдө. Бирок расмий маалыматтарда алар кайсы ишкана экени айтылган эмес. Бул берене боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ак үй АКШнын жараны Эван Гершковичтин дарегине айтылган тыңчылык боюнча айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG