Ссылки доступа

АКШнын мамкатчысы Путинди камоого жөнүндө Гаага сотунун ордерин сыйлоого чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Рим статусуна кол койгон жана Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун ишине катышкан бардык өлкөлөрдү орус президенти Владимир Путинди камоо жөнүндө ордерди аткарууга чакырды. Путин Украинада аскердик кылмыштарды жасоого шектелүүдө.

Блинкен Сенат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, "эгер Путин ЕБ өлкөлөрүнө барса, ал жакта кармалышы керекпи" деген суроого, "Эл аралык кылмыш сотунун ар бир мүчөсү өз милдеттенмесин аткарышы керек", деп жооп берди.

"Путин АКШга барса кармалабы" деген суроого Блинкен так жооп бербей, орус президенти жакын арада Кошмо Штаттарга барары күмөн экенин айтты. Блинкен АКШ Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү эмес экенин белгиледи.

Өткөн аптада Путин менен Орусиянын балдар укуктары боюнча атайын өкүлү Мария Львова-Белованы камоого ордер чыккан. Алар украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө. Орус бийлиги айыптоону чекте кагып, Гаага сотун тааныбай турганын маалымдаган.

Мурдараак Германиянын юстиция министри эгер Путин өлкөгө келсе кармаларын жана Гаагага өткөрүлүп берилерин тастыктаган. Жайында БРИКС саммити өтө турган Түштүк Африка бийлигинин өкүлү өлкө Эл аралык кылмыш сотунун ордерин көңүлгө алганын жана өз милдеттенмелери жөнүндө билерин айткан. Ошол эле маалда ал Путин келсе, кармалар-кармалбасын так белгилеген эмес.

Эл аралык кылмыш сотуна дүйнөдөгү 123 мамлекет мүчө. Кытай, Индия же Түркия, мындан тышкары АКШ сыяктуу ири мамлекеттер анын ишине катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG