26-июнда мамлекеттик облигациялар боюнча 100 миллион долларлык карызды төлөө үчүн берилген жеңилдетилген мөөнөт аяктаган.
"Бул мөөнөттүн аякташы дефолт болуп эсептелет. Орусиянын Борбордук банкы тоңдурулган резервдерин пайдалана албайт, өлкө банктары дүйнөлүк системадан ажыратылган. Ошол эле маалда бул дефолт символикалык гана мүнөзгө ээ жана орусиялыктар үчүн көп деле мааниси жок", – деп жазды агенттик.
Орусиянын каржы министри Антон Силуанов бул шартта дефолт термининин колдонулушун "фарс" деп атады.
Орусия кандай гана карызы болбосун төлөөгө каражаты бар экенин билдирүүдө. Өткөн жумада Москва суверендүү карызын рубль менен төлөөгө өтөрүн, анткени чет элдик валютага байланышкан азыркы абалды Батыш жасалма жол менен түзгөнүн кабарлаган.
Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги Орусияга суверендүү карызын 2022-жылдын 25-майынан кийин чет өлкөлүк валюталар менен төлөөгө мүмкүндүк берген лицензиянын мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.