Макалада аты-жөнү көрсөтүлбөгөн булактардын айтымында, Украинадагы согушка үчүнчү өлкөлөрдөн келген "миңдеген" чет өлкөлүк студенттер менен мигранттар тартылууда. Орус бийлиги Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюудан баш тарткан студенттерди "визаларын узартпай коюу" менен коркутууда. Мындан улам аларга Орусиядан чыгып кетип же "өз ыктыяры менен" армияга кошулууга туура келүүдө. Bloomberg белгилегендей, ошол эле маалда айрым чет өлкөлүк студенттер Орусияда калуу үчүн аткаминерлерге акча берип, визасын узартып алууда.
Басылма өз макаласында Орусия бери дегенде эле 21 өлкөдө, анын ичинде Африка континентинде жалданмачыларды тартуу боюнча жапырт өнөктүк баштаганы тууралуу Украина чалгыны жарыялаган маалыматка да шилтеме кылган.
Буга чейин "Вагнер" жеке аскердик компаниясы орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан африкалыктарды согушка тартып жатканы кабарланган.
Bloomberg ошондой эле орус армиясына тартылган Непалдын жүздөгөн жараны бар экенин белгилөөдө. Басылма Украинадагы булактарына таянып, туткунга түшкөн орус аскерлеринин арасында африкалыктар менен непалдыктар көбөйгөнүн маалымдады.
Орусиянын согуш темасында жазган телеграм-каналдары орус армиясынын катарында жүргөн чет өлкөлүктөрдүн видеолорун байма-бай жарыялап келишет. Муну менен алар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү жашоочулар Орусияны "колдоп жатканын" көрсөтүүгө аракет кылышат.