Басылманын булагы белгилегендей, украин аскерлеринин учактарды дароо эле согуштук аракеттер үчүн колдонору же бул үчүн даярдык көрүү процесси көп убакытты талап кылары белгисиз.
Киев Bloomberg'дин бул маалыматы боюнча комментарий берген жок.
Украин бийлиги Орусия толук масштабдуу кол салган 2022-жылдан бери эле өнөктөштөрүнөн батыш өндүрүшүндөгү аскердик учактарды сурап келет. 2023-жылы бир нече өлкө АКШнын макулдугу менен Киевге учактарды берүү чечимин кабыл алышкан.
Быйыл март айында The New York Times гезити июль айына карата Украина алты F-16 учагын алышы мүмкүн экенин, ага чейин 12 украин учкучу даярдыктан өтөрүн маалымдаган. Мындан тышкары учактарды тейлөө үчүн 50гө жакын украин техниги даярдалып жатканы кабарланган.