Ссылки доступа

Кемеровдогу трамвай кырсыгында бир киши өлүп, 100дөн ашыгы жаракат алды


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт

Орусиянын Кемеров шаарындагы трамвай кырсыгында жабыркаган 102 кишинин 78и ооруканага жаткырылды. Алардын арасында беш бала бар. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов билдирди.

Буга чейин Кемеров шаарынын башчысы Дмитрий Анисимов жаракат алгандардын бири ооруканада каза болгонун кабарлаган. Анын айтымында, дагы үч кишинин абалы оор, экөө реанимация бөлүмүндө жатат.

6-июнь күнү эртең менен айдоочу трамвайды башкара албай калып, ал ылдыйышты көздөй катуу ылдамдыкта жүрүп кеткен. Чукул кайрылышта жүргүнчүлөрдүн айрымдары жерге кулап, жыйынтыгында вагон дагы бир трамвайга барып сүзүлгөн. Болжолдуу версияга ылайык, кырсыкка трамвайдын тормоздук системасы иштебей калганы себеп болгон.

Ал арада интернетке Кемеров шаардык трамвай ишканасынын кызматкерлеринин биринин аудиобилдирүүсү жарыяланды. Анда ал эртең менен текшерүү учурунда тормоздору иштебей калганына карабастан, трамвай каттамга чыгарылганын айткан.

Кемеров шаардык электр-транспорттук компаниясынын басма сөз кызматынан бул "жалган маалымат" экенин билдиришти. Алардын айтымында, кырсыкка кабылган трамвай 2-июнда экинчи жолу техникалык кароодон өткөрүлгөн.

Калаа башчысы Дмитрий Анисимовдун айтымында, Кемеровдогу трамвайлардын ишке берилгенине 40 жылдан ашып, 90% эскилиги жеткен.

Орусиянын Тергөө комитети "Керектөөчүнүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG