Ссылки доступа

Беларуста президенттикке мурдагы талапкер Виктор Бабарико абактан ооруканага жеткирилди


Беларуста президенттикке мурдагы талапкер Виктор Бабарико абактан ооруканага жеткирилди. Ал экономикалык кылмыштарга айыпталып, 14 жылга соттолгон.

Бабариконун диагнозу жана абалы тууралуу маалымат жок. Тарапташтары ал катуу сабалган болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

"Достор. Кечээ Виктор Бабарико Новополоцк шаарында ооруканада жатканы жөнүндө билдирүүлөр тараган. Биз бул маалымат чын экенин аныктадык", – деп жазылган саясатчынын телеграм-каналында.

Бабарико ооруканада экенин "Свобода" радиосунун беларус кызматына Шаардык клиниканын кызматкерлери да ырасташты.

Буга чейин оппозициялык "Рабочы Рух" телеграм-каналы өз булактарына таянып, 59 жаштагы Бабарико 25-апрелге караган түнү ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. "Абалы орто оор. Ур-токмоктун белгилери менен келип түштү. Фамилициясын окуганга чейин аны тааныган эмеспиз", – деп жазылган билдирүүдө.

Анда бул маалымат расмий ырасталган эмес.

Бабарико — "Белгазпромбанктын" мурдагы башчысы. Ал 2020-жылы июнда камакка алынган. Анда банкир авторитардык лидер Александр Лукашенко алтынчы мөөнөткө катары менен ат салышкан президенттик шайлоого талапкер катары катталууга аракет кылган. Беларус бийлиги Бабарикону камакка алуунун алдында "Белгазпромбанкты" өз көзөмөлүнө алып, топ-менеджерлерин алдамчылык шеги менен кармаган. Анда Бабариконун уулу да камалган.

Amnesty International уюму Виктор Бабарикону жана бул иш боюнча айыпталып жаткан башка жарандарды абийир туткуну деп тапкан. Бабарико кармалгандан кийин анын шайлоо штабынын башчысы Мария Колесникова талапкер Светлана Тихановскаянын бирдиктүү штабына кошулган. Кийин Колесникова бийликке каршы кутум уюштуруу айыбы менен 11 жылга соттолгон. Оппозиция менен укук коргоочулар бул айыптарды четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG