Ссылки доступа

Чехия менен Польша украин армиясына кошумча жардам жөнөтөт


Польша Украинага бере турган Krab гаубицасы (солдо)
Польша Украинага бере турган Krab гаубицасы (солдо)

Чехия менен Польша Орусиянын Донбасстагы чабуулдарын токтотууга аракет кылып жаткан Украинага кошумча курал-жарак жөнөтөт.

"Прага Киевге 26 миллион доллардан 30 миллион долларга чейинки суммага курал-жарак жөнөтүүгө ниеттенип жатат. Украинага жардам туруктуу түрдө жеткирилип турушу өтө маанилүү", – деди Чехиянын коргоо министри Яна Чернохова 29-майда телеэфирдеги сөзүндө.

Анын айтымында, февралдын аягында согуш башталгандан бери Чехия Украинага 150 миллион доллардан ашык суммага аскердик жүк жөнөткөн.

Чех басылмаларынын маалыматына караганда, Украинага бериле турган курал-жарактын арасында Т-72 танктары, БМП-1 согуштук автоунаалары жана өзү жүрүүчү гаубицалар болот. Мындан тышкары советтик өндүрүштөгү тик учактар да берилиши мүмкүн экени кабарланууда.

Польша Украинага 155 мм калибрлүү Krab үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү чопкутталган артиллериялык гаубицаларын берет. Бул тууралуу жекшемби күнү "Польша радиосу" өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги өз булактарына шилтеме кылып кабарлады. Маалыматка караганда, Польшада өндүрүлгөн бул гаубица мүнөтүнө алты жолу атып, 40 чакырым алыстыктагы бутага жетүүгө кудуреттүү. Варшава мындан тышкары жүзгө жакын украин артиллеристин Krab гаубицаларын колдонууга үйрөткөнү белгиленүүдө.

Орусиянын кол салганына байланыштуу Украин армиясына АКШ жана Улуу Британия баштаган бир катар батыш өлкөлөрү жардам берип келишет.

XS
SM
MD
LG