Кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. Баштапкы маалыматтарга караганда, экипаж начар аба ырайынан улам башкарууну жоготуп алганы кабарланууда.
Учактын бортунда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 53 киши болгон. Ушул тапта Танзания бийлиги издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. 26 жүргүнчү аман калганы айтылууда.