Каза болгондордун арасында Орусиянын төрт жараны бар. Дагы алты орусиялык дайынсыз болууда.
Израилдин эсеби боюнча, кол салууда 100-150 израилдик жана башка өлкөлөрдүн жарандары туткунга алынган.
Шейшемби күнү эртең мененки расмий маалыматка караганда, Израилдин 123 жоокери салгылашууда курман болгон.
Газа тилкесинде Израилдин ХАМАСтын инфраструктурасына жасаган жапырт аба соккуларынын натыйжасында 800дөн ашуун палестиналык набыт болуп, 4 миңден ашууну жараланды. Бул тууралуу жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Израилдик армиясы ХАМАСтын 1500 согушкери өлтүрүлгөнүн ырастоодо. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн болбой жатат.
Израил ХАМАСтын чабуулунан кийин Газаны толугу менен блокадага алганын жарыялап, электр жана суу берүүнү токтотту. БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси муну эл аралык гуманитардык укуктун бузулушу деп атады. Уюм эки тарап тең аскердик кылмыштарды жасаганы тууралуу маалыматтар түшүп жатканын белгиледи.
АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Буга жооп катары Израил армиясы Газага сокку урган.
Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Палестин автономиясынын администрациясына баш ийбейт.