Ссылки доступа

"Крокус Сити Холлдогу" теракттын курмандыктары 143кө жетти


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) "Крокус Сити Холл" борборундагы терактта каза болгондордун жаңыланган тизмесин жарыялады. Ага ылайык, кол салууда көз жумгандардын саны 143кө жетти.

Азырынча тизмеге жаңы кошулган үч кишинин жаракат алгандардын арасында болгону же сөөктөрү теракт болгон жерден табылганы маалымдалган жок.

ӨКМдин сайтына жарыяланган тизме болжолдуу экени белгиленип, ага соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экени кабарланды.

26-мартка карата терактта каза болгондордун саны 139 кишиге жеткени айтылган. Эртеси эртең менен өлкөнүн салматтык сактоо министри Михаил Мурашко ооруканада жаткан дагы бир адам каза болгонун билдирген.

Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG