Ссылки доступа

Днепрдеги чабуулдан өлгөндөрдүн саны 35ке жетти


Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 35ке жетти. Бул тууралуу шаардык администрациянын башчысы Валентин Резниченко билдирди.

Анын айтымында, куткаруучулар түнчүндө 14-январда орус ракетасынан кыйраган беш кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан дагы беш сөөк таап чыгышты. Өлгөндөрдүн арасында балдар да бар. Мындан тышкары урандылардын алдында калган дагы 39 киши кутарылды. Бүгүнкү күнгө карата үйдүн 35 жашоочусунун тагдыры белгисиз болууда.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, үйгө алыскы бомбардировщиктин Х-22 ракетасы тийип, 70 батир толугу менен талкаланган. Соккулардан жалпысынан 75 тургун жаракат алса, алардын 14ү балдар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын жарандарына орус тилинде видеокайрылуу жасап, аларды унчукпай койбоого жана Украинага каршы агрессияны айыптоого үндөдү.

"Силердин коркокторчо үн катпаганыңар, бул окуялар басылганча күтүп туралы деген аракетиңер бир күнү ошол террорчулардын силерге келүүсү менен аяктайт. Кастык коркоктукка карата өтө сезимтал, ал корккондорду жана соодалашууга аракет жасагандарды эстеп калат. Жана ал силерге келген учурда, силерди коргогондор болбойт", - деди Зеленский.

Бул 2023-жылы Украинадагы операциялардын башчылыгына Валерий Герасимов дайындалгандан кийинки Орусия тараптын биринчи жапырт ракеталык чабуулу болду.

Видео

XS
SM
MD
LG