Ссылки доступа

Тажикстанда акыркы айларда жети журналист жана блогер камакка алынды


Абдусаттор Пирмухаммадзода
Абдусаттор Пирмухаммадзода

Тажикстанда акыркы айларда жети журналист жана блогер кармалып, камакка алынды. Бирок бийлик алардын көбүнүн иши боюнча эч кандай расмий комментарий бере элек.

Мындан тышкары өлкөдө бир нече жолу белгисиз кишилер журналисттерге кол салган, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү негизсиз сурактарга чакырылып, милиция кызматкерлери алардын телефондору менен компьютерлерин алып койгон учурлар катталды. Коомдук ишмердүүлүк менен алектенген же өз кесиби менен иштебеген бул журналисттердин көбү социалдык түйүндөрдө активдүү болуп, блогерлик кылып келишкен.

Майдын аягында журналист Ульфатхоним Мамадшоева кармалган. Бийлик аны Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы абалды туруксуздаштырууга жана бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган деп айыптаган.

Андан соң социалдык түйүндөрдө Хушом Гулям деген ысым менен таанымал Хушруз Жумаев кармалган. Ал өзүнүн ютуб-каналын иштетип, негизинен памир элинин тарыхы, маданияты жана тилдери тууралуу берүүлөрдү даярдап келген. Былтыр ноябрда Хорогдо болгон нааразылык акциялардан кийин Жумаев укук коргоо органдары менен бирге жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүн иликтеп жаткан "Комиссия 44түн" мүчөлөрүнө жардам берген. Бийлик аны конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга ачык чакырык жасоого айыптап жатат.

16-июнда "Комсомолец Тажикистана" гезитинин мурдагы журналисти Мамадсултон Мавлоназаров кармалган. 18-июнда дагы эки журналист – Далер Имомали менен Абдулло Гурбати камакка алынган.

8-июлда журналист Завкибек Саидамини Душанбеде кармалып, Вахдат шаарына жеткирилген. Азыр анын кайсыл жерде кармалып турганы белгисиз. Саидамини мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда ал блогерлик менен алектенип, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген.

9-июлда Вахдат шаарында суракка чакырылган блогер Абдусаттор Пирмухамадзода камакка алынган. Андан эки күн мурда милиция кызматкерлери блогерден социалдык түйүндөргө пикир жазып, видеолорду чыгарууну токтотууну талап кылып, анын телефонун алып коюшкан. Пирмухамадзода мамлекеттик радиоканалдан кеткенден кийин такси айдап, ошол эле маалда блогерлик менен алектенип жүргөн.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда узак мөөнөттөргө соттолгон үч журналист камакта отурат. Кезинде өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" гезитинде иштеген Рахматулло Ражаб менен Абдукаххор Давлат 28 жылга, Хикматуллох Сайфуллозода 16 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG