Ссылки доступа

"Вагнер" согушкерлерди ири порносайт аркылуу өз катарына тартууда


Pornhub порносайында орусиялык “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жарнамалары пайда болду. Бул тууралуу 15-мартта бир нече телеграм-канал жазды.

Видеону порнографиялык контентти жүктөөнүн алдында көрүүгө мүмкүн экени белгиленген. Уят сөздөрдү камтыган роликте “Вагнер” компаниясы орусиялык бардык аймактардан согушкерлерди топтоп жатканы айтылат.

Жарнамада көрсөтүлгөн телефон номуру жеке аскердик компаниянын өкүлдөрүнө тиешелүү экенин белгиленген.

“Вагнерди” негиздеген Евгений Пригожин компаниянын өкүлдөрү чынында эле порносайтка жарнама жайгаштырдыбы жана мындай реклама жемишин береби деген суроолорго: “Кайсы жерде экенин билбейм, бирок порносайттарга жарнама жайгаштыруу – биздин маркетологдордун эң жакшы идеасы. Мен аларга толугу менен кошулам...”, - деп жооп берди.

“Вагнер” жеке аскердик компаниясы – Владимир Путин менен санаалаш бизнесмен Евгений Пригожин түзгөн бейформал аскердик түзүм. Компаниянын жалданма аскерлери, анын ичинде колониялардан азгырылып келгендер Украинадагы согушка жигердүү түрдө катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG