Ссылки доступа

WP: Иран Орусияга дрондорду гана эмес ракеталарды да жеткирүүнү пландоодо


Иран Орусияга жашыруун түрдө дрондорду гана эмес, “жер-жер” классындагы баллистикалык ракеталарды да жеткирүүгө макул болду. Бул тууралуу The Washington Post АКШ чалгынындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Кеп 300 жана 700 чакырымга чейин жете турган "Фатех-110" менен "Зульфикар" ракеталары жөнүндө болуп жатат. Басылманын маалыматына караганда, Иран "Мохажер-6" менен "Шахид-136" камикадзе дрондорун жеткирүүнү пландоодо.

Жекшембиде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиян Португалиянын коргоо министри менен телефондо сүйлөшкөн маалда Иран Украинадагы согушта колдонулушу мүмкүн болгон куралдарды бир дагы өлкөгө жеткирбей турганын айткан.

“Биз кайсы бир өлкөгө курал-жарактан жардам берүү согушту узартат деп эсептейбиз. Биз Украина, Ооганстан, Сирия же Йемендеги согуштарды туура деп эсептебейбиз”, - деген Амир-Абдоллахияна.

Бул арада аскердик ведомстволор менен бир катар дүйнөлүк ЖМКлар Иран Орусияга өзүнүн согуштук дрондорун берип жатканын кабарлашкан. Алардын үлгүлөрүнө жана санына чейин айтылган.

Августтун аягында The Washington Post басылмасы Орусияга Иран өндүрүшүнөн чыккан алгачкы дрондор келгенин кабарлаган. Сентябрда аталган учкучсуз учактар Одесса жана Одесса облусунда чабуул жасаганы айтылган. 15-октябрда Запорожье облусунун башчысы Александр Старух аймакка Ирандын Shahed-136 камикадзе дрондорунан сокку урулганын билдирген. Иран менен Орусия аталган учкучсуз учактардын орус армиясында колдонулуп жатканын четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG